Министр Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы курулуш объекттерин жеринен көрдү

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчик ишкерлер менен өткөрүлгөн жыйындан соң курулуш объекттерин жеринен көрүп чыкты. Министр азыркы учурда салынып жаткан Гапар Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүн байланыштыруучу эки деңгээлдүү көпүрөнүн, Кең-Сай массивинде салынып баштаган мектеп жана бала бакчанын,…

Кененирээк

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация дарагы отургузулду

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү буга чейин жашыл аймак жок болгон жолдун эки…

Кененирээк

Кыргызстан Ташкентте салык реформаларынын ийгилиги менен бөлүштү

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумуна катышты. Форумдун башкы темасы — көмүскө экономика менен күрөшүү жана салыктык башкаруунун заманбап ыкмаларына өтүү болду. Кыргызстан бул багыттагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү: ашыкча көзөмөлдөн баш тартып, санариптик кызматтар аркылуу ишкерлер менен…

Кененирээк

Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары өзүн атып алгандыгы кабарланууда

Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматтары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Маалым болгондой, милицияга 13-мартта саат 23:00 чамасында банкет залынын жанында токтоп турган унаанын ичинде бир эркек киши өзүнө ок атканы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам…

Кененирээк

Курманкул Зулушев мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 13-апрельде арыз жазганы кабарланган. БШК Зулушевдин арызын канааттандырып, аны мандатынан ажыратты. Курманкул Зулушев 10-округдан 11 миң 598 добуш алып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген.

Кененирээк

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды

Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган. Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган. Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору. 1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек…

Кененирээк

Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо улантылууда

Тышкы иштер министрлиги Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймактарындагы Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча атайын эвакуациялык авиакаттам уюштурууда. Эвакуациянын биринчи этабында жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксаттар алынган. 13-мартта жарандар Эль-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобустар менен Эр-Рияд шаарына багыт алды.

Кененирээк