Кыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкты
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге 1999-жылдан бери өзгөрбөгөн мыйзамдык базаны жаңылоого багытталган. Долбоордун автору Талант Муратбеков көп аймактарда суу системалары эскиргенин, ал эми учурдагы тарифтер тейлөөчүлөрдүн базалык чыгымдарын да жаппай турганын белгилеп, туруктуу экономикалык модел керек экенин айтты. Документте ыйгарым укуктар так бөлүнүп, ичүүчү суунун жана…


