Өзгөндө турак үйдө өрт чыгып, төрт бала каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 5-мартка караган түнү турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы кабарлады. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, таңкы саат 3:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү…

Кененирээк

Ноокатта 21 жаштагы келиндин өмүрү кыйылды

Ош облустук милицияга маалымат 20-февралда түшкөн. Анда Көк-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну өз үйүндөгү мал сарайда жанын кыйганы маалымдалган. Мекеме соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки иштер башталганын маалымдады. Ал эми соцтармакта келин бир жыл мурун турмушка чыкканы, кош бойлуу болгону айтылууда. Каза болгон келиндин жакындары анын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келгенин, акыркы жолу апасына жазып, күйөөсү…

Кененирээк

Тышкы иштер министри Бахрейн жана Омандын элине тилектештик билдирди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль Заяни менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун атынан Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга байланыштуу Бахрейндин элине тилектештик билдирди. Тараптар аймактагы абал тез арада тынчып, саясий-дипломатиялык диалог кайра жанданып, аймакта тынчтык жана…

Кененирээк

Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады

Арслан Койчиев бул баш кийим элибиздин тарыхый эс тутуму, ата-бабаларыбыз бизге мурас катары калтырган ыйык символ, ар-намыстын, тазалыктын, асылдыктын жана улуулуктун чагылдырылышы экенин белгилеген. “Ата-бабалар калтырган баалуулуктарды жаш муунга өткөрүп берүү ар бир үй-бүлөнүн, билим берүү мекемелеринин жана бүтүндөй коомдун ыйык милдети. Глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо – мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо…

Кененирээк