Садыр Жапаров Кыргызстандын Ирандагы дипломаттарынын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Президент Садыр Жапаровго Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал тууралуу маалымат берди. Өзгөрүп жаткан кырдаалды эске алуу менен, Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлигине Иран Ислам Республикасындагы Кыргыз элчилигинин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Бул чаралар дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон…

Кененирээк

Судьялык кызматка конкурстан талапкерлердин жарымы өтпөй калды

Сот адилеттиги боюнча кеңеш жергиликтүү соттордогу бош судьялык кызмат орундарын толтуруу үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстун алкагында компьютердик тестирлөөнү жыйынтыктады. Маалыматка ылайык, жалпы 265 талапкер катышуу үчүн документ тапшырган. Алардын ичинен 4 талапкер сынакка киргизилбей, дагы 1 талапкер өз каалоосу менен баш тарткан. Компьютердик тестирлөөгө 138 талапкер катышууга мүмкүнчүлүк алган. Экзамендин жыйынтыгында 73 адам гана катышуучу…

Кененирээк

Бишкекте 2 гектар жерге “Манас” борбору курулууда

Үч кабаттуу имараттын биринчи кабатында 500 орундуу заманбап салтанат жайы, кызматтык бөлмөлөр болот. Экинчи кабатында 1300 орундуу концерттик зал, үчүнчү кабатында музей жайгашат. “Манас” борбору өзүн-өзү толук тейлеген, өз кирешеси менен өз чыгымын камсыздаган маданий комплекс болот. Ал эми кирешеси улуу баяндын жана кенже эпостордун баалуулугун дүйнөгө тааныткан анимациялык тасмаларды жаратууга, идеологиялык жана руханий иштерди…

Кененирээк

Айбек Жунушалиев Октябрь районунун акимин кызматтан алып, эки вице-мэрге эскертүү берди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарындагы абалга нааразы болуп, бир катар чечимдерди кабыл алды. Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана анын биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматтан бошотулду. Ошондой эле вице-мэрлер Азамат Кадыров менен Рамиз Алиевге эскертүү берилди. Мэр базарда башаламан соода кайра жанданып, көзөмөл жетишсиз болгонун сынга алды.

Кененирээк