Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Орто-Сай базарындагы абалга нааразы болуп, бир катар чечимдерди кабыл алды.
Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана анын биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматтан бошотулду.
Ошондой эле вице-мэрлер Азамат Кадыров менен Рамиз Алиевге эскертүү берилди.
Мэр базарда башаламан соода кайра жанданып, көзөмөл жетишсиз болгонун сынга алды.

