Бишкекте 2 гектар жерге “Манас” борбору курулууда

Үч кабаттуу имараттын биринчи кабатында 500 орундуу заманбап салтанат жайы, кызматтык бөлмөлөр болот. Экинчи кабатында 1300 орундуу концерттик зал, үчүнчү кабатында музей жайгашат.

“Манас” борбору өзүн-өзү толук тейлеген, өз кирешеси менен өз чыгымын камсыздаган маданий комплекс болот. Ал эми кирешеси улуу баяндын жана кенже эпостордун баалуулугун дүйнөгө тааныткан анимациялык тасмаларды жаратууга, идеологиялык жана руханий иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле “Манас” эпосуна байланышкан дүйнө жүзүндөгү жер-суу аталыштарын изилдөөгө багытталат”, — деп билдирди Манас театры.

Борбор быйыл декабрда ачылары айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *