Судьялык кызматка конкурстан талапкерлердин жарымы өтпөй калды

Сот адилеттиги боюнча кеңеш жергиликтүү соттордогу бош судьялык кызмат орундарын толтуруу үчүн өткөрүлүп жаткан конкурстун алкагында компьютердик тестирлөөнү жыйынтыктады.

Маалыматка ылайык, жалпы 265 талапкер катышуу үчүн документ тапшырган. Алардын ичинен 4 талапкер сынакка киргизилбей, дагы 1 талапкер өз каалоосу менен баш тарткан.

Компьютердик тестирлөөгө 138 талапкер катышууга мүмкүнчүлүк алган. Экзамендин жыйынтыгында 73 адам гана катышуучу босого баллды топтой алган.

Мындан тышкары, 9 талапкер белгисиз себептерден улам тестке келбей калган.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлерге алган упайлары көрсөтүлгөн сертификаттар берилет.

Конкурстук тандоо мындан ары да улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *