Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.Мурда чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөн болгондуктан киргизилген.
Бир фазалуу абоненттер үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка, үч фазалуу абоненттер үчүн 8 кВттан 5 кВтка түшүрүлчү.
Министрлик билдиргендей, чаралар энергия системасын туруктуу сактоого жардам берди. 2025-жылы керектөө 19,1 млрд кВт·саатка жетти, өсүш негизинен курулуш жана жаңы өнөр жай объекттеринен болду.

