Эртен, 2026-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасында 20-мартта жыл сайын белгиленүүчү Ооз көңдөйүнүн саламаттыгынын эл аралык күнүнө карата «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» аттуу акция өткөрүлөт.
Акциянын алкагында Кыргыз Республикасынын стоматологдору төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:
- Балдарды профилактикалык кароо
- Ооз көңдөйүнүн кесипкөй гигиенасы
- 6 жаштан 14 жашка чейинки балдардын туруктуу тиштеринин фиссураларын герметизациялоо
- Ооз көңдөйүнө туура кам көрүү боюнча окутуу

