Талас районунда темир-бетон заводу ачылды. Бул тууралуу Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев билдирди. Темир-бетон заводу Чоң-Алыш айыл аймагынын Манас айылында курулду. Ишкананы салууга Талас райондук өнүктүрүү фондунан 13 млн 922 миң 804 сом жумшалган. Жалпы 15 жумуш ооруду түзүлдү. Темир бетон буюмдарын өнүктүрүү технологиясы бетон аралашмасын даярдоо, продукциянын берилген түрүн калыпка салуу процесстерин өзүнө камтыйт. Процесс жылуулук камерасында, нымдуулуктун жана жогорку температуранын таасири астында ишке ашат.

