Кыргыз эл артисти Абдыкалык Акматов дүйнө салды

Бул тууралуу Кыргыз улуттук драма театрынан билдиришти. Жарым кылымдан ашуун театр сахнасы менен экрандан түшпөй келе жаткан актер Абдыкалык Акматов көптөн бери оор илдет менен алышып келген. Өткөн аптада Садыр Жапаров маданиятты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Акматовго Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамын ыйгарган. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу…

Кененирээк

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт

Андан кийин күбөлүктү алмаштыруу 1 389 сом болот. Бирок 31-декабрга чейин күбөлүктү 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүн. Акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык айдоочулук күбөлүк жаңыртылганы кошумчаланды.

Кененирээк

Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Тар жана кеңейтилген курамда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Ошондой эле,…

Кененирээк

Ошто үйү сүрдүрүлгөн тургундар мэриядан кенемте талап кылууда

Ош шаарында үйү сүрдүрүлүп, муниципалдык ипотекалык компаниянын үйүнө көчүрүлгөн 60тан ашуун үй-бүлө 24-мартта мэриянын алдына чогулуп, кенемте талап кылышты. Алар бузулган үйлөргө баалоо жүргүзүп, жаңы батирлердин суммасынан чыккан айырманы төлөө тууралуу буга чейин сөз болбогонун айтып жатышат. Ипотекалык үйгө көчүрүлгөн 60тан ашуун үй-бүлө Жеңишбек Токторбаев мэр болуп турган учурда үйлөрдү башма-баш алмаштырып, эч кандай кошумча…

Кененирээк

Бишкекте ШКУнун жаштарынын Дельфи оюндары башталды

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, Кыргызстан бул сынактарга 2002-жылдан бери катышып келет. Ал эми оюндарды 2022-жылдан тарта өткөрө баштаган. Мындай эл аралык иш-чараларды уюштуруу мамлекеттин жана борбор калаанын өнүгүү деңгээлин көрсөтөт. Оюнга 9 өлкөдөн 300дөн ашык бала катышууда. Аймактардан келгендерди кошкондо, катышуучулардын саны 700гө чамалап барат. Алар фортепианодо, элдик аспаптарда ойноо, сүрөт тартуу, элдик жана эстрадалык…

Кененирээк