Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Мунарбек Сейитбек уулу, Акжол Махмудов, Кубанычбек Айбек уулу 15-август куну Ош шаарына келишти.Спортчуларды «Алымбек-Датка» этно борборунда Ош шаарынын тургундары жана бийлик өкүлдөрү салтанаттуу турдө тосуп алышты.Алгач Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын жана 1 млн сом, ал эми машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 000 сом, дагы бир машыктыруучусу Турдалы Оморовго 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды.
Грек-рим күрөшү боюнча коло медалдын ээси Акжол Махмудовго 1 млн сом жана машыктыруучусуна 200 000 сом, дзюдочу Айбек уулу Кубанычбекке 250 000 сом, машыктыруучусуна 100 000 сом акчалай сыйлык берилди. Мындан сырткары, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тарабынан дагы акчалай сыйлыктар, ар бир спортчуга аргымактар тапшырылды. Иш-чара концерттик программа менен коштолду

