Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат.

Тар жана кеңейтилген курамда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкмөт башчылары, Армения Республикасынын Вице-премьери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышат. 

Мындан тышкары, Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары, коомдук ишмерлер жана ири IT-компаниялардын жетекчилери, санарип тармагынын эксперттери катышаары күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *