Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко чыгарышууда.
Ал эми жакынкы күндөрү жергиликтүү сорттогу капуста бышып, ички базарга чыгуусу күтүлүүдө. Андан сырткары жаңы бышкан сарымсак дагы жакынкы күндөрү сатыла баштайт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тийиштүү адистерди дыйкандарга түшүмүн экспортко чыгарууда тийиштүү документтерин даярдоодо көмөктөшүүдө.
Араван райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Галдарбек Мадалиевдин айтымында, райондо алгач капуста бышып экспортко кетсе, андан кийин бадыраң, помидор, картошка, кулпунай, кокон гилас бышып сыртка сатыкка кетет.
Эскерте кетсек, биздин өлкөдө бышкан капуста негизинен Казакстан менен Россияга экспорттолот.


