Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, Кыргызстан бул сынактарга 2002-жылдан бери катышып келет.
Ал эми оюндарды 2022-жылдан тарта өткөрө баштаган. Мындай эл аралык иш-чараларды уюштуруу мамлекеттин жана борбор калаанын өнүгүү деңгээлин көрсөтөт.
Оюнга 9 өлкөдөн 300дөн ашык бала катышууда. Аймактардан келгендерди кошкондо, катышуучулардын саны 700гө чамалап барат.
Алар фортепианодо, элдик аспаптарда ойноо, сүрөт тартуу, элдик жана эстрадалык ырларды аткаруу, диджейлик кылуу, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча таймашат. Өнөр жарышы эки күнгө созулат.

