Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы–Кочкор темир жол линиясындагы Кочкор станциясын ачуу пландалууда

Бул тилкенин курулушу 2022-жылы башталган жана 1991-жылдан кийин Кыргызстанда курулуп жаткан биринчи жаңы темир жол тармагы болуп эсептелет. Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы–Кочкор темир жол тилкесинин курулушу — бул «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын эгемендүүлүк жылдарындагы алгачкы ири долбоору гана эмес, Кара-Кече көмүр кенине бара турган келечектеги темир жолдун негизи болуп саналат. Белгилей кетсек, азыркы учурда…

Кененирээк

Кыргызстанда 4 пайыз үстөк менен унаа берилет

Кыргызстанда «Жеңил» аттуу жаңы жеңилдетилген автокредит программасы башталды. Анын алкагында мамлекеттик кызматкерлер жана бюджеттик тармакта иштегендер 4% үстөк менен жаңы унаа сатып ала алышат. Программага мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катыша алышат.Автокредит 3 же 5 жылга чейин берилет. Ошондой эле кредитти алгачкы төлөм менен же алгачкы төлөмсүз…

Кененирээк

Кыргызстанда митингдерди атайын белгиленген жайларда уюштуруу сунушталды

Кыргызстанда «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ 12-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Сунушка ылайык, митингдер жана акциялар атайын белгиленген жерлерде гана өткөрүлүшү мүмкүн. Бул жерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, митинг өтүүчү жерлерди жергиликтүү бийлик аныктайт жана катышуучулардын жүрүү багыттарын да бийлик белгилеши мүмкүн….

Кененирээк

Кыргызстан жыл башынан бери 126,9 млн доллар мамлекеттик карызды төлөдү

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстан болжол менен 126,9 миллион доллар мамлекеттик карызды төлөп бүткөн. Тышкы карызды төлөөгө 51,5 миллион доллар, ал эми ички карызды төлөөгө 75,4 миллион доллар бөлүнгөн.Өткөн жылы мамлекеттик карызды төлөө болжол менен 525,3 миллион долларды түзгөн. 2025-жылдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 9 миллиард долларга (болжол менен…

Кененирээк

Президент Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотууга чакырып, тараптарды диалогго кайтууга үндөдү

Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Ал жаңжалдын ыйык Орозо айында болуп жатышы өкүнүчтүү экенин белгиледи. Мамлекет башчысы карапайым жарандардын курман болушун айыптап, алардын жакындарына көңүл айтты. Жапаров БУУнун уставына ылайык, тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотууга, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн диалогго кайтууга үндөдү.

Кененирээк

Депутаттар БШКнын мүчөлөрүнүн санын кыскартуу сунушун колдоду

Жогорку Кенеш Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, долбоорго ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны 12ден 7ге чейин кыскартуу сунушталууда. 3 мүчө — президенттин квотасы менен 4 мүчө — парламенттин квотасы менен шайланмак. Бирок экинчи окууда кызыкчылыктар кагылышпашы үчүн мүчөлөрдүн санын 8 кылып бекитүү сунушу айтылды….

Кененирээк

Кыргыз окумуштуулары дрон жасап жатат

Учуучу аппаратты Улуттук илимдер академиясынын машина таануу, автоматика жана геомеханика институту даярдоодо. Анын узундугу 2,4 метр болсо, туурасы 2,85 метрге жетет, 24 килограмм жүктү көтөрө алат. Тетиктери 3D принтерде даярдалууда. Окумуштуулар дронду жайында жасап бүтүп, сентябрь айында сыноо иштерин жүргүзүүнү пландашууда. Аны аскердик жана айыл чарба багытында иштетсе болору айтылды.

Кененирээк