Ош шаарында 4 тилкелүү эки көчөнүн курулушу башталды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Атабаев жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жолдордун курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугуп, башталган көчөлөрдүн курулуш иштерин көзөмөлдөп, тез арада жана сапаттуу бүткөрүү убадасын берди. Белгилей кетсек, аталган көчөлөр төрт тилкелүү болуп кеңейтилет жана жол жээктерине…

Кененирээк

Тоңдурулган жемиштерди Кытайга экспорттоо үчүн ишканаларды каттоо башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталганын маалымдады. Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына…

Кененирээк

Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм ишке кирди

Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм мүмкүнчүлүгү ишке кирди. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди. Алгачкы транзакциялар QR-коддор, улуттук төлөм системалары жана Binance Pay аркылуу ийгиликтүү жүргүзүлдү. Эми өлкө боюнча соода жайларында товарларды криптовалюта менен төлөөгө шарт түзүлдү.

Кененирээк

23-мартка карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй облусунда 15…20, Талас чөлкөмүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19, Ысык-Көлдө 10…15, Нарын өрөөнүндө 6…11 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 17…19, Ош шаарында 16…18 градусту түзөт.

Кененирээк

Черногориянын Тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанга расмий сапар менен келет

2026-жылдын 23-24-мартында Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар пландаштырылган. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары эл аралык жана аймактык күн тартиби,…

Кененирээк

Кыргызстанда эттин баасы төмөндөдү

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын февраль айында Кыргызстанда эт жана эт азыктарынын баасы 5,1%га арзандады . Адистердин маалыматына ылайык, эттин арзандашы жалпы инфляция деңгээлине –0,7 пайыздык пункт таасир эткен. Ал эми дүйнөлүк рынокто тескерисинче өсүш байкалган:

Кененирээк