Тоңдурулган жемиштерди Кытайга экспорттоо үчүн ишканаларды каттоо башталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.
Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына тоңдурулган кулпунай, малина, алча, алма, алмурут жана башка жемиштер кирет.

Кыргыз Республикасынан ишканаларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти эсептелет.
Ушуга байланыштуу министрлик ата мекендик ишканаларды каттоодон өтүү жана экспорттук жеткирүүлөрдү даярдоо иштерин активдештирүүгө чакырат.

Министрлик Кытай рыногуна чыгуу боюнча экспорттоочуларга мындан ары да консультациялык колдоо көрсөтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *