Кийинки жумада Жогорку Кеңештин жыйындары болбойт. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, 23–28-март күндөрү депутаттар аймактарда иштеп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт.
Төрага ар бир округдан үчтөн депутат шайланганын эске салып, эл менен натыйжалуу иштешүү үчүн аларды биргеликте жер-жерлерге чыгууга чакырды.

