Саламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылды

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине ЮНФПА тарабынан «Мизопростол» дарысынын 350 миң таңгагы берилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул гуманитардык жардам энелердин ден соолугун коргоо системасын чыңдоого жана аялдар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Дары каражаты өлкө боюнча 104 саламаттык сактоо уюмуна бөлүштүрүлөт. «Мизопростол» медициналык-социалдык тобокелдик тобуна кирген репродуктивдүү курактагы аялдарга акысыз берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *