Башкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылды

Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев 2025-жылы прокурордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык каражат кайтарылганын билдирди.

Анын ичинен 1,243 млрд сом акчалай, ал эми 33,584 млрд сом мүлк түрүндө өндүрүлгөн.

Анын айтымында, бир жыл ичинде 24 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталып, 12 083 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген, 570 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 6 932 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке, дагы 3 227 адам Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *