1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап менен донор үйүнө чыгарылды.
Министр бөйрөгүн бекер алмаштыруу операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен донордон кабар алып, алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты.

«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”,-деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.


Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50 гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *