Суучул Денис Петрашов эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШнын Техас штатында өтүп жаткан Pro Swim Series эл аралык турниринде күмүш медаль утту.

Мелдеш 14-январда башталып, алгачкы күнү Петрашов 100 метр аралыкты брасс стилинде 59,55 секундда сүзүп өтүп, экинчи орунду ээледи.

Турнир 17-январга чейин уланат, анын алкагында спортчу 50 жана 200 метр аралыкта да брасс стилинде күч сынашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *