Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчилиги, ошондой эле «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол компаниясынын өкүлдөрү катышты.
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу долбоорунун алкагында курулуш аянттарында тоннелдерди казуу, жер иштери жана көпүрөлөрдү куруу уланууда. Бүгүнкү күнгө карата 3,5 млн куб метрден ашык жер казуу иштери бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, темир жол курулушу боюнча негизги долбоордук материалдар даярдалып, чиймелерди тактоо жана макулдашуу процесстери жүрүп жатат. Иштерге 5 миңден ашуун адам жана 5,6 миңден көп техника тартылып, коопсуздук жана экологиялык талаптарды сактоо өзгөчө белгиленди.

