Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Айт намазы 08:30да башталат. Ага чейин, 07:30дан баштап баяндар айтылат.
07:30 – 08:00 — Куран окуу
08:00 – 08:25 — Диний баяндар
08:25 – 08:30 — Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө
08:30 — Айт намазын окуу
Ошондой эле тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, айрым жерлерде убакыт жергиликтүү шартка жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн экени белгиленди.
Былтыр да Орозо айт намазы шаар, облустардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулган.

