Чет өлкөдөгү мигранттарга да ипотекалык үй куруу жолу иштелип чыгып, министрлер кабинетине кароого жөнөтүлдү. Алар бекитип берсе мигранттар да ипотекалык турак-жай алууга ээ болушат. Бул тууралуу Мамлекетттик ипотекалык компаниянын басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 9 миңге жакын жарандар турак-жайлуу болушкан. Быйылкы жылы үйлөрдүн курулуш иштери бүтө электигине байланыштуу турак жайлар тапшырылбайт. Апрель айынан кезекте тургандар 6% менен үй ала башташат. Бул бюджеттик мекемеде иштегендерге тиешелүү. Ал эми жеке компанияда эмгектенгендерге 8% менен берүү каралган.
Бишкектеги үйлөрдүн курулушу жогорку темпте иш жүрүп жатат. Азыркы учурда “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында Бишкек шаарында жалпысынан алты курулуш объектте 7 178 батир курулуп жатат:
1) 5050 батирлүү “Мурас” комплекси, Бишкек шаары, Маликов көчөсү 91;
2) Бишкек шаарынын түштүк тарабында 620 батирлүү турак жай;
3) Бишкек шаарынын, Октябрь районунда 549 батир;
4) Бишкек шаары, Ленин районунда 171 батир;
5) Бишкек шаары, Октябрь районунда 500 батир;
6) Бишкек шаары, Ленин районунда 288 батир.
Мындан сырткары өлкө аймактарында курулуш иштери башталды:
1) Жалал-Абад шаарында, 639 батир.
Мындан сыркары Ош шаарында шаарча куруу маселеси каралууда. Бирок жер маселеси курч болгондуктан, жерди трансформациялоо жумуштары жүрүп жатат.

БУРУЛАЙ УЛАНБЕК кызы-кабарчы

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *