Алмата-Бишкек жолунда кар күрткүгө кабылып жол жүрө албай калган Кыргызстандын 16 жараны куткарылды. Алар 11:40та Казакстандын Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү. Жеринде подполковник Ырысбек Жолдошбаев жетектеген кыргыз куткаруучулары кечиктирилгис куткаруу иш-чараларын улантышууда.
Кыргызстан тарап Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан “Бишкек-Алмата” кафесинде 150, Свердлов районундагы “Эне-Сай” жаңы конушундагы №21 орто мектебинде 150 жана Октябрь районундагы мамлекеттик администрациясынын имаратынын ашканасында жана “Таберик” студиянын жыйналыш залында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайлар уюштурушту.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *