Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине миңден ашык ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды.
Бишкекте курулган “Асман резиденс-1” комплекси 11 блоктон туруп, жалпы 1 050 батири бар. Аймагында 551 орундуу унаа токтотмосу жана балдар үчүн оюн аянтчалары каралган.
Ачкыч тапшырып жатып өлкө башчы жыл аягына чейин МИК аркылуу 20 миңден ашык түтүнгө батир берилерин билдирди.
Президенттин айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, анын 100 миңге жакынын 2026-2027-жылдары үй менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.
“2030-жылга чейин турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатыбыз бар”, — деген ал.












