Өлкөдө 30 дан ашык чакан ГЭС ишке кирет

Өлкөдө 30 дан ашуун чакан ГЭС ишке кирет. Ал үчүн чымырканган аракеттер көрүлүп жатканын Президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди.

Анда өндүрүштү кескин көбөйтүү (Токтогул, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭСтери) максатталып жатканы жана жаңы ГЭСтерди, шамал, күн станцияларын курууга (Казарман, Чаткал, Суусамыр-Көкөмерен, Сары-Жаз, Куланак ГЭСтери) аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле Энергетика министрлигине бул жылы 261 техника алынгандыгын кошумчалады.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу үчүн курулууш иштерине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Учурда техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн Дүйнөлүк Банк тийиштүү каражатты бөлүп бергени жаткандыгын маалымдады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *