Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди. Ошондой эле курултайдын делегаттарынан аталган маселе боюнча колдоп берүүнү суранды.
Белгилүү болгондой, Элдик курултайдын биринчи да, экинчи күнүндө да делегаттар эл тууну өзгөртүүгө каршы экенин айтып, тууну өзгөртпөө маселесин көтөрүшкөн.


«Мен борборду көчүрөм, бир шаар салам деп суранган жокмун. Желекти оңдогонго мени колдоп берип койгулачы. Мен сиздердин суранычыңардын баарын, суранбаган нерселерди колдоп берип жатам. Менин бир суранычым, желекти оңдоп-түзөп эле киргизип коелу. Желек эч кандай өзгөрбөйт. Оңдоп-түзөө гана кирет. Желек ошол эле бойдон калат. Биз ак же көк кылып жаткан жокпуз. Болгону кичине оңдоп-түзөө эле киргизип жатабыз. Нурланбек спонсорлор бар дебеди беле, аны мен айткам. 50-60 желекти мен эле айлыгымдан алмаштырып, мамлекеттин бир тыйынын кетирбей, спонсорлук кылып коеюнчу дегем» — деди Жапаров.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *