Эки күнгө созулган Элдик Курултайда Ички иштер министрлигине делегаттар тарабынан 50дөн ашык кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 19у сунуш, 3өө ыраазычылык экендиги айтылды. Калганы милициянын күнүмдүк иши, тергелип жаткан кылмыш иштери жана кылмыштардын алдын алуу маселелери боюнча кайрылуулар болгондугун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлигинин башчысы келип түшкөн бардык арыздарды жана кайрылууларды жеринде тиешелүү кызматтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык объективдүү, ыкчам чечимдерди кабыл алууну көрсөтүү менен тапшырды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *