Документ таап алсаңыз соцтармакка чыгарууга ашыкпаңыз! Министрлик эскертет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоголгон документти соцтармак аркылуу жайылтуу документ ээлеринин жеке маалыматтарынын купуялуулугун бузууга алып келээрин билдирди. Документ таап алган жаранды ээлерине кайтарып берүү үчүн соцтармакка эмес Калкты тейлөө борборуна жана паспорт бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө чакырды.
Жоголгон документтерди издөө порталда жана “Түндүк” тиркемесинде “Табылгалар бюросунан маалымат алуу” бөлүмүндө жеткиликтүү.
Статистикалык маалыматтарга таянсак 2023-жылдын 11 айында 911 документ табылып, анын 316сы ээлерине кайтарылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *