Slider

Ош шаарында март айынан тартып, ар жуманын ишемби күнү айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул туралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Шаардык мэрия дыйкандарды, өндүрүшчүлөрдү жарманкеге чакырып, азык-түлүк өнүмдөрүн, мөмө-жемиштерин шаар тургундарына,конокторуна сатып кетүүгө чакырат.

«Жарыя! Жарыя! Жарыя!Урматтуу дыйкандар, жеке ишкерлер жана өндүрүшчүлөр!Жалпыңыздарды март айынын ар ишемби күндөрү Ош шаарынын борбордук аянтында уюштурула турган айыл чарба жарманкесине чакырабыз!Анда өндүргөн азык-түлүгүңүздөрдү, жер-жемиш, мөмө-жемишиңиздерди шаар тургундары жана коноктор үчүн сатып кетиңиздер.Катышуучулар Ош шаарынын мэриясы тарабынан атайын чатырлар менен камсыздалат»,-деп айтылат маалыматта.

Катышууну каалагандар төмөнкү байланыш телефондоруна кайрылыңыздар: 0 (774) 605-905; 0 (559) 605-905 Умида Шамшиева.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *