Президент Садыр Жапаров бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Бакытжан Сагинтаевди бул жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага Биримдиктин алдында коюлган бардык милдеттерди ишке ашырууда зор ийгиликтерди каалады.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *