Жаңы жылдан тарта жөлөк пул жана «Баатыр эне» пенсиясы жогорулайт

Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Майыптыгы бар балдарга бериле турган жөлөкпулдун өлчөмү 8000 сомдон 11 000 сомго (37,5 пайызга), улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул 50 пайызга көбөйөт.

Ошондой эле майыптык боюнча пенсия өлчөмү да жогорулайт.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга жөлөкпулдун өлчөмү 6000 сомдон 8000 сомго, ал эми багуучусунан ажыраган балдардын жөлөкпулу 3000 сомдон 5 000 сомго көбөйөт.

Мындан тышкары, улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул 50 пайызга, баатыр энелерге берилүүчү жөлөкпул 3 000 сомдон 5 000 сомго көбөйөт.

Баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм төрт эсе, тактап айтканда, 1000 сомдон 5000 сомго жогорулайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *