1-сентябрдан тарта Евразия экономикалык биримдигинде ЕАЭБдин бир өлкөсүндө бажыдан өткөрүлүп, кийин башка мүчө мамлекеттерге ташылган чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө механизми иштей баштады.
Биринчи этапта система төмөнкү товарларга тиешелүү:
• муздаткычтар жана тоңдургучтар;
• кир жуучу машиналар;
• телевизорлор.
Жаңы тартип товарлар тууралуу маалыматты улуттук системаларга киргизүүнүн бирдиктүү жол-жобосун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдары ортосунда маалымат алмашууну карайт.
Механизм товарлардын ЕАЭБ аймагына мыйзамдуу киргизилгенин тастыктоого шарт түзүп, бизнес үчүн ак ниетсиз атаандаштыктан коргоону күчөтөт.
Компаниялар үчүн бул товарларды эсепке алууга жана алар тууралуу маалымат алмашууга коюлган талаптардын жогорулашын билдирет.


