Такси кызматын көрсөткөн айдоочулар 1-февралга чейин каттоодон өтүүгө тийиш

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы такси айдоочуларына лицензия алуу боюнча чукул кайрылуу жасады.Берилген мөөнөттөн кийин лицензиясыз жүргүнчү ташыган айдоочуларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Лицензия алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

▪️Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк

▪️Унаа башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү

▪️Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү

▪️Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү

▪️Рейс алдында унаа техникалык ал эми айдоочулар медициналык кароодон өткөнү тууралуу тастыктама.

▪️Үч жылдан кем эмес айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;

▪️Ден соолуктун абалыжөнүндө медициналык маалымкат;

▪️Соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат.

Лицензия алуу үчүн Жол коопсуздук башкармалыгынын шардык жана райондук бөлүмдөрүнө кайрылуу зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *