Венесуэланын президенти аялы менен кармалып, өлкөдөн чыгарылды

Өткөн түнү Венесуэланын борбору Каракаста жети ирет катуу жардыруу болуп, алар төмөн учкан учактардын катуу добушу менен коштолду. Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, окуя түнкү саат экилер чамасында болгон.

Бул көптөгөн райондордун тургундарын дүрбөлөңгө салып, көчөгө чыгууга мажбур кылган. Каракаста иштеп жаткан CNN телеканалынын тобу жардыруулар болгонун ырастап, шаардын айрым бөлүктөрү электр энергиясыз калганын билдирди.

Бул окуялар АКШнын аскер күчтөрү тарабынан Кариб деңизинде кемелерге жасалган акыркы чабуулдардын фонунда болуп, Венесуэлага каршы түз интервенция башталышы мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.

АКШ президенти Дональд Трамп кургактагы соккулар «жакынкы убакта» баштала турганын бир нече ирет эскерткенден кийин кырдаал курч чекке жетти. Буга жооп катары Николас Мадуро Вашингтондун баңгизатка каршы күрөш кампаниясы — өкмөттү алмаштыруу жана өлкөнүн мунай ресурстарын басып алуу үчүн шылтоо гана экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жардырууларга бир күн калганда Венесуэла баңгизат ташууга каршы маселелер боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген, бирок түнкү окуялар Ак үй күч колдонуу сценарийин тандаганын көрсөтүп турат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэла президенти аялы менен кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *