Эл аралык университеттин жатаканасында чыккан өрттөн жабыркагандар жок, анда жашаган 150 студент толугу менен эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жатакананын жалпы 300 чарчы метрдей аянты өрттөнгөн. Тилсиз жоо 2-январда түнкү саат 12ге чукул толук өчүрүлгөн.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Лесхозная көчөсүндө турган Эл аралык университеттин жатаканасында 2-январь күнү кечинде өрт чыккан.
