Ошто кышкы эс алуучу жайлар текшерилди

ӨКМ Ош облусундагы эки тоо-лыжа базасынан бир катар эреже бузууларды аныктады. Мурдараак анда баллон менен муз тээп жаткан 3 адам ооруканага түшкөн.

Министрлик «Чыйырчык» жана «Талдык» тоо-лыжа базаларында кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Текшерүүдө объектилерде медпунктулардын жана биринчи медициналык жардам көрсөткөн адистердин жоктугу аныкталган. Ошондой эле атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар жок болуп, өрт коопсуздугу боюнча талаптар да сакталган эмес. Мындан тышкары, тамактануучу жайларында газ баллондордун кооптуу жагдайда колдонулганы белгилүү болгон.

Тоо-лыжа базаларынын администрацияларына, алардын кызматкерлерине жана эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *