Бишкекте 2026-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты башталат

Борбор калаа 2026-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатын кабыл алат. Бул тууралуу Хоккей федерациясы маалымдады.

2026-жылдын 18–24-январь күндөрү «Бишкек Арена» муз аянтчасында шайбалуу хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (IIHF Division III-B) өтөт. Титул үчүн Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг курама командалары таймашат.

U20 форматындагы бул турнир кыштын эң көп көрүүчүлүү спорттук окуяларынын бири болору күтүлүүдө.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясы IIHFтин колдоосу менен — күйөрмандарды улуттук курама команданы колдоого жана эл аралык спорт майрамынын атмосферасынан ырахат алууга чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *