Бул жолку иш сапарынын алкагагында Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа районундагы орто мектептин окуучулары менен таанышып, ата-энелери менен жолукту. Эл өкүлү Улан Примов балдардын абалын сурап, алардын муктаждыктарын толуктап жардам берүүгө даяр экенин баса белгилеп, ошону менен катар мектеп окуучуларын 2024-2025-жаңы окуу жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалап өттү. Иш чаранын жүрүшүндө келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерибизге мектеп формалары жана окуу куралдары белекке берилди.
Жеринде жергиликтүү соц кызматкерлери көзөмөлдөп, “Примов” фонду ар бир баланын дене-түзүлүшүнө жараша формаларын тандап колдоруна тапшырды. Балдар эл өкүлүнүн берген белектерин сүйүнүү менен кабыл алышты.
Эске сала кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына эл өкүлү жыл сайын колдоо көрсөтүп акысыз мектеп формаларын, окуу куралдарын тапшырып келет.


















