Аксыда 500 тонна мөмө-жемишти сактай турган логистикалык кампа курулду. Айыл чарба министрлиги курулушка 22 млн сом сарпталганын маалымдап, ишкана сезон учурунда 10дон ашык кишини жумуш менен камсыз кыларын билдирди. Ушул эле райондун Жер-Тал айылында мөмө-жемиштин кагын кайра иштеткен логистикалык борбор салынып, ал сентябрда ишке берилери кошумчаланды. Ишкана сезон учурунда 25ден ашык кишини иш менен камсыз кылат. Министрлик борбордо кара өрүктүн кагы кайра иштетилип Казакстан, Россия жана Өзбекстан мамлекеттерине экспорттолорун кошумчалады

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *