Бишкек шаарына жаңы кошулган Новопавловка айылында гүлбак салынууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Гүлбак Фрунзе көчөсүндө жайгашат, ал 29 млн сомго курулууда. Курулуш иштерин «Орбитал Строй» компаниясы жүргүзүүдө. Анын аянты дээрлик 11 миң чарчы метрди түзөт.
Гүлбактын курулушун күзүндө бүткөрүү пландалууда.
