Бишкекте тиш дарылоочу борборлордун биринде үч жашар кыз чарчап калган. Ага байланыштуу, 21-декабрда атайын комиссия түзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, клиника убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Наристенин чарчап калгандыгы тууралуу, адвокат Канат Хасанов 21-декабрда өзүнүн facebook баракчасынан түз эфирде айткандан кийин билинип, талкууга түштү. Видеодо наристенин чоң энеси, атасы сүйлөгөн. Алар наристенин өлүмүнө тиш дарыгеринин шалаакылыгы себеп экендигин белгилеп, жазага тартууну бийликтен суранышкан.

Кыздын атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, 18- декабрда тиш даарылоо борборуна кызын алып барган. Ага “Севарон” дарысын жыттатып тишин тазалай турганын билдиришкен. Бирок наристенин денесинин бир нече жерине ийне сайышканын, кыздын ошол бойдон ойгонбой калганын билдирген. Ал эми апасы учун жоготуп оор акыбалда экени айтылды.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *