Жеке нотариустарга мамлекеттик нотариустардай эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

Бул өз кезегинде мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги кезектердин санын азайтат жана алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

Буга чейин жеке нотариалдык кеңселердин мурастоо күбөлүгүн берүү укугу жок болчу.

USAIDдин «Жигердүү Жарандар» жана «Укук Булагы» долбоорлорунун колдоосу менен мурастоо иштерин жүргүзүүгө жеке нотариустарга уруксат берүү максатында тренингдер өткөрүлгөн.  Анын натыйжасында  107 жеке нотариус катышып, тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн 71 нотариус мурастоо иштерин ачуу жана жүргүзүү укугуна ээ болду.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *