Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык турниринде өлкөнүн таэквондочулары 20 медалга ээ болушту. 15-17-декабрь күндөрү өткөн таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышкан. Алар 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.

