Ташкент шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маданият жана маалымат министри Алтынбек Максутов тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары биримдиктин маанилүү компоненти болуп калаарын, ага жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин, эки элдин казынасында көптөгөн ойчулдардын, акындардын жана жазуучулардын чыгармалары сакталгандыгы ага негиз болуп саналаарын айтты.

Өзбекстандын Маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиканов эки элди ортосундагы достук мамилелер мындан ары өнүгө тургандыгын, учурда тыгыз маданий кызматташтык болуп жатканын баса белгилеп, кыргыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары Өзбекстанда да көп окулган чыгармалардын катарын толуктай тургандыгын айтты.

Эске салсак, аталган иш- чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *