Москва шаарында алгачкы жолу боз үй форматындагы маданий мейкиндик ачылды. Ал улуу кыргыз жазуучусу, ойчулу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды. Жаңы ачылган бул маданий жай «Айтматов Тринити Клуб» деп аталып, жазуучу узак жылдар бою жашап, чыгармачылык менен алектенген Переделкино кыштагынын жанында жайгашты.
Театрдын ачылыш аземи өзгөчө салтанаттуу жана мазмундуу өттү. Премьердик көрсөтүү катары кыргыз элинин улуу руханий мурасы болгон «Манас» эпосу жандуу аткарууда сахнага коюлду. Эпостун көркөм айтылышы жана кошо жаңырган улуттук музыкалык аспаптардын обондору көрүүчүлөргө терең таасир калтырды.
Маданий программанын алкагында Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орунду ээлеген чыгармаларынын бири — «Жер эне » повестинен алынган үзүндү да көрсөтүлдү. Аталган сахналаштыруу Россиянын Театр өнөрү институтунун студенттери тарабынан аткарылып, жаш артисттер жазуучунун чыгармасындагы энелик тагдырды, согуштун азабын жана адамдык рухтун күчүн терең чагылдырышты.
«Айтматов Тринити Клубу» келечекте кыргыз жана дүйнөлүк маданиятты, адабиятты жана театр өнөрүн даңазалаган эл аралык чыгармачыл аянтчага айланып, маданий диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.


