Балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Минкаб төрагасы белгилегендей, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү.
“Айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү.Балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла», — деди Касымалиев.


